Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Алмаз Кененбаев дайындалды

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Алмаз Кененбаев дайындалды

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кененбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Буга чейин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп Досалы Эсеналиев эмгектенип, анын аппарат башчы кызматына көтөрүлгөнүнө байланыштуу аталган кызмат бошогон.